Бишкек, 26.05.26. /Кабар/. Ош шаары эски көрнөк-жарнактардан арылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда көрнөк-жарнактарды "Мамлекеттик тил жөнүндө" жана "Жарнак жөнүндө" мыйзамдарынын нормаларына ылайык келтирүү иштери уланууда.
Бүгүн муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак жана дизайн бөлүмү, шаардык мэриянын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы Мамыров жана Жапалак айылынын көчөлөрүндөгү эскилиги жеткен жарнамаларды алып, аларды тартипке салды.
Соода жайларынын жана имараттарынын сыртындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына көңүл бурулуп, бир нече ишкерге эскертүүлөр берилди. Мыйзам ченемдерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат.