Ош шаары үчүн башкы суу алуучу тосмонун курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт

Аймак Загрузка... 26 Февраль 2025 10:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Ош шаарын таза суу менен камсыздай турган башкы суу алуучу тосмонун курулушу жыл аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу күн мурун шаар мэри Жеңишбек Токторбаевдин Ак-Буура дарыясынын Данги участогунда жүрүп жаткан жаңы суу алуучу тосмонун курулушу менен таанышуусу учурунда айтылды.

Эскерте кетсек, Азия өнүктүрүү банкынын гранттык жана Ош шаарынын мэриясынын каражаттарынын эсебинен башкы суу алуучу жайды жана Төлөйкөн айылындагы иштеп жаткан дамбага чейин диаметри 1000 мм болгон 2400 метрден эки суу өткөрүүчү түтүктү (жалпы 4800 метр) куруу каралган.

Аталган жумуштар суу алуучу тосмону сел агып түшкөн жылгадан жогору жакка жылдыруу максатында аткарылууда.

Курулуш иштерин 2025-жылдын 4-кварталында аяктоо күтүлүүдө.