Ош шаардык төрөт үйүнүн экинчи корпусу оңдон-түзөөдөн кийин ачылды

Аймак Загрузка... 18 Сентябрь 2025 16:00
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардык төрөт үйүнө барды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчы төрөткананын оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн корпусун көрүп, дарыгерлер менен жолугушту.

Мурун жеке жактар иштетип келген төрөт үйүнө таандык эки корпус мэрдин тапшырмасы менен кайтарылып алынган. Алардын бири буга чейин оңдолуп, пайдаланууга берилсе, экинчиси толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин бүгүн ишке киргизилди.

Буга чейин шаардык төрөт үйүндө кош бойлуу келиндер үчүн орундуктар жетишсиз болуп келсе, эми бул маселе да чечилди. Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасы менен төрөткананын айнектери алмаштырылып, актап-сырдалып, шарттар жакшыртылды.

Мэр төрөт үйүнүн жамаатына энелерге жана ымыркайларга мээрим менен мамиле жасоону, өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.