Ош шаардык сотуна жана прокуратурасына унаалар тапшырылды

Аймак Загрузка... 14 Август 2025 15:17
1.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаардык сотуна жана шаардык прокуратурага кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Унааларды шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Ош шаардык сотунун төрайымына жана шаар прокуроруна тапшырды.

Унаалар аталган мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында мэриянын атынан берилди.