Ош облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү талкууланды

Аймак 22 Сентябрь 2025 18:15
552662506_122185616216368081_5609463690998751080_n.jpg
550234033_122185616510368081_2784846018972722728_n.jpg
549915662_122185616474368081_1502448934940684440_n.jpg
552674566_122185616438368081_1731764667746899285_n.jpg
550269218_122185616450368081_8981019759605493953_n.jpg
550407225_122185616384368081_5865352325849091686_n.jpg
550602933_122185616210368081_4199857643728060908_n.jpg
550686296_122185616348368081_125129858190199031_n.jpg
551178346_122185616486368081_6190174320900810249_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында өкүлдүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаевдин төрагалыгы астында кеңири жыйын өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарада облусунун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн учурдагы абалы талданды жана 2025-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыктарына даярдык маселелери каралды. Жыйынга район акимдери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Кеңешменин негизги максаты — үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртуу, өсүү темпин камсыз кылуу жана тармактар боюнча иштердин сапатын жогорулатуу болду.

Жыйында өнөр жай тармагынын абалы, жаңы ачылган ишканалардын ишмердүүлүгү, инвестиция тартуу динамикасы, салыктардын жыйналышы, айыл аймактарынын дотациядан чыгуу мүмкүнчүлүктөрү жана турак жайларды камсыздандыруу маселелери талкууланды.

Анын жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге так тапшырмалар жүктөлүп, көрсөткүчтөрдү жакшыртуу жана кемчиликтерди жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү милдеттендирилди.