Ошто Кыргызстан менен Түркиянын кызматташтык маселелери талкууланды

Аймак Жүктөлүүдө... 12 Июнь 2025 08:50
506086576_122172564296368081_5661482266625909384_n.jpg
505711323_122172563330368081_57478519191581774_n.jpg
506058956_122172564050368081_2776530097789256799_n.jpg
506117740_122172564212368081_131181352273046602_n.jpg
506148366_122172564002368081_1936951238789095795_n.jpg
506348695_122172564242368081_3646724676680138531_n.jpg
506350703_122172564218368081_2725515817995199749_n.jpg
506356281_122172563396368081_4319991700750718136_n.jpg
506448376_122172564008368081_3043770012735906896_n.jpg
506476612_122172564254368081_332211801837258695_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 12.06.25. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемаль Окем менен жолукту.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, жолугушуунун алкагында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын, өзгөчө Ош облусу менен болгон достук жана кызматташтык мамилелерин мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Түркиянын Кызматташтык жана өнүгүү агенттиги (TİKA) тарабынан Ош облусунда билим берүү, саламаттык сактоо, инфраструктура жана маданият тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор өзгөчө белгиленди. Тараптар Өзгөн районундагы балык чарбасын өнүктүрүү боюнча TİKA тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерге да токтолушту.

Жолугушууда 2024-жылы 263,2 млн АКШ долларын түзгөн Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү көлөмүн, экспорт-импорттун түзүмүн жана келечектеги биргелешкен долбоорлор дагы талкууланды. Айрыкча, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, туризм жана суюк травертин өндүрүү тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталды.