Ош облусунун башчысы Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Аймак 1363 13 Май 2025 15:20
495964868_122168215196368081_1621992931809092655_n.jpg
495967193_122168215142368081_7173294009019161861_n.jpg
495967692_122168215232368081_144299751004028370_n.jpg
496009021_122168215262368081_3573050098828582786_n.jpg
496833630_122168215298368081_3922864033911157066_n.jpg
496944334_122168215172368081_6633698167404411266_n.jpg
497460872_122168215154368081_520508755079081646_n.jpg
497491607_122168215130368081_9209770332039728357_n.jpg
497498854_122168216480368081_1185665453038731962_n.jpg
497506784_122168215124368081_7663464344134219468_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 13.05.2025. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолукту.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Элчибек Жантаев элчини жаңы кызмат орду менен куттуктап, анын ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Тараптар Ош облусунун экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм жана логистика тармактарында кызматташууну тереңдетүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармактарындагы кызматташтык маселелери көтөрүлдү.

Жолугушууда Ош мамлекеттик университетиндеги Конфуций институтунун ишмердүүлүгү жана кыргыз студенттеринин Кытайда билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу да сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап мындан аркы кызматташтыкты чыңдоо жана тереңдетүү боюнча өз ара даяр экендиктерин билдиришти.