Ош облусунун башчысы балбан Акжол Махмудовго акчалай сыйлык берди

Аймак 01 Июнь 2026 12:30
711289373_122212731416368081_6473011951293082783_n.jpg
709883052_122212730342368081_2088653827084626023_n.jpg
710598209_122212731272368081_7789713665680726342_n.jpg
710849072_122212731578368081_8273204475019655833_n.jpg
712378529_122212731056368081_2179522643482828787_n.jpg
712545088_122212730336368081_3034399554543004674_n.jpg
714570725_122212731404368081_2793580914750049209_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Бүгүн президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча көп жолку чемпиону, эл аралык даражадагы спорт чебери Акжол Махмудовду кабыл алды.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушууда өкүл Акжол Махмудовдун жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы эл аралык мелдештерине ийгилик каалады. Ошондой эле спортчунун келечектеги пландары тууралуу пикир алышып, облус жетекчилиги ар дайым колдоо көрсөтө турганын айтты.

"Сиздей мекендин желегин желбиреткен, дүйнөлүк аренада кыргызды даңазалаган спортчулар менен сыймыктанабыз. Сиздин эмгегиңиз, эрдигиңиз жаш муунга чоң үлгү. Алдыдагы мелдештериңизде да ийгилик жаратып, байге ээлеринин катарынан көрүнөсүз деген терең ишеничтебиз", - деди Кенжебаев.

Өз кезегинде Акжол Махмудов жылуу кабыл алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы мелдештерде дагы Кыргызстандын желегин бийик көтөрүүгө бардык күч-аракетин жумшай турганын билдирди.

Маалымат үчүн: Акжол Махмудов дүйнөнүн эки жолку (2022, 2023), Азиянын үч жолку (2018, 2022,2023), Азия оюндарынын бир жолку (2023) чемпиону жана 2018-жылкы күмүш байгесинин ээси. Токиодогу Олимпиада оюндарынын (2020) күмүш жана Париж Олимпиадасында (2024) коло медалдын ээси болгон. Кыргызстандын күрөш боюнча көп жолку чемпиону. Эл аралык даражадагы спорт чебери.