Ош облусунун аймагында айт намазы учурунда мыйзам бузуулар катталган жок

Аймак Загрузка... 20 Март 2026 13:09
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Ош, 20.03.26. /Кабар/. Ош облусунун аймагында Орозо айт намазы тынч жана коопсуз өттү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-мартында облус аймагындагы 400гө чукул мечитте Орозо айт намазы окулду. Иш-чара учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн Ош ОИИБдин 1000ден ашуун кызматкери тартылды. Майрамдык намаз учурунда эч кандай одоно мыйзам бузуулар катталган жок.

Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери жер-жерлерде Орозо айт майрамына карата уюштурулган башка иш-чараларда коомдук коопсуздукту камсыздоону улантышууда.