Ош облусунун аймагында 566 мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аймак 08 Август 2025 09:30
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
2.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Ош облусунда мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер мыйзам чегинде, жарандарга алдын ала эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин аткарылууда.

Жалпысынан бүгүнкү күндө Ош облусу боюнча 711 мыйзамсыз курулуштар аныкталып, анын ичинен 566сы буздурулду.

Бул иштердин негизги максаты – коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоо жана мыйзамды сактоо болуп саналат.