Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Ош облусун таза суу менен камсыз кылуу долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, документке кол коюу үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягына пландалууда.

Жалпы бюджети 66,7 млн долларды түзгөн бул долбоордун алкагында Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы 32 айылдын 158 миңге жакын тургуну таза суу менен камсыз болот. Каражаттын 60 млн долларын фонд насыя катары берсе, 6,7 млн долларын Кыргызстан өзү каржылайт.

Беш жылга эсептелген долбоордун алкагында 890 чакырымдан ашык суу түтүктөрү курулуп, жаңыланат. Ошондой эле 33 артезиан скважинасы бургуланып, 54 резервуар курулат жана мектеп, бала бакча, ФАПтардагы 95 санитардык түйүн жаңыланат.
Ишти Айыл чарба министрлигине караштуу тиешелүү департамент ишке ашырат.