Ош облусундагы футбол стадиондорунун курулушу текшерилди

Аймак 28 Июль 2025 18:00
524631885_1196638779173177_168178295176550177_n.jpg
524667131_1196638769173178_3355284078771720779_n.jpg
524697652_1196638782506510_4835145152032743402_n.jpg
524750278_1196638789173176_5659038389804928539_n.jpg
524835750_1196638785839843_4971714745364492674_n.jpg
524846984_1196638772506511_5941984385966072130_n.jpg
524847121_1196638775839844_5047821849822256531_n.jpg
525398750_1196638759173179_9132599679225518544_n.jpg
525734171_1196638765839845_4519458285198160868_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 28.07.25. /Кабар/. Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилери Ош, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларындагы футбол инфраструктурасынын абалы жана өнүгүшү боюнча көчмө жыйындарды өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында Ош шаарындагы А.Момунов атындагы футбол академиясы, А. Сүйүмбаев атындагы стадион, Кара-Суу жана Өзгөн шаарларындагы курулуп жаткан стадиондор текшерилди.

Жыйындарга КФБнын вице-президенти Дастанбек Конокбаев, башкы катчысы Медербек Сыдыков жана Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын президенти Асылбек Кадралиев, аймактык футбол ассоциациясынын жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышты.

Ош шаарындагы А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо административдик имараттардын абалы канааттандырарлык эместиги, ошондой эле чуркоо жолунун реконструкциясы өз убагында башталбагандыгы белгиленди. Жыйында ЛЭД-экранды орнотууну бүтүрүү маселеси да каралды.

Кара-Суу шаарындагы жаңы стадиондун курулуш аянтчасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү, газондун абалы жана имараттардын пландалышын оңдоо зарылдыгы талкууланды. Мындан тышкары, техникалык жана медиа зоналарды, күйөрмандар үчүн кошумча кириштерин уюштуруу тапшырмалары коюлду.

Өзгөн шаарынын стадионунда курулуш графигинен артта калуу жана жумуштардын жай темп менен жүрүшү боюнча маселеге көңүл бурулду. Трибуна конструкцияларына жана кириштерге байланыштуу кемчиликтер курулушту аткарып жаткан уюм тарабынан эске алынды. Кара-Суу жана Өзгөн шаарларындагы стадиондордун курулушу ушул жылдын күз айларында аякташы пландалууда.

Кыргыз футбол биримдиги өлкө боюнча футбол инфраструктурасын модернизациялоо багытындагы иштерди жергиликтүү органдар менен биргеликте улантууда.