Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Бүгүн, 9-мартта, саат 07:23тө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Жер титирөөнүн очогу Алай районунда, тактап айтканда, Бор-Дөбө айылынан түндүк-чыгышты көздөй 6 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бор-Дөбө айылынын тургундарына жердин силкинүүсү 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.