Ош облусунда эки ирригациялык канал пайдаланууга берилди

Аймак 28 Май 2025 12:35
8e1db3cf-b90b-44cd-88e8-c246035cd233 (1).jpg
1f23a270-d40a-44da-bf38-21fe8e3cd7a3.jpg
9b56b903-8409-4862-9317-91c4a49841f4.jpg
94f213f2-0a98-4408-b595-5c7f1c45c043.jpg
Алдыга
Артка
8e1db3cf-b90b-44cd-88e8-c246035cd233 (1).jpg
1f23a270-d40a-44da-bf38-21fe8e3cd7a3.jpg
9b56b903-8409-4862-9317-91c4a49841f4.jpg
94f213f2-0a98-4408-b595-5c7f1c45c043.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 28.05.25./Кабар/. Бүгүн, 28-майда Ноокат районунда жайгашкан “Сапарбаев-1” жана “Сапарбаев-2” чарбалар аралык каналдары пайдаланууга берилди7

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул каналдар Ноокат районунун Көк-Жар, Төөлөс жана Он-Эки-Бел айыл аймактарын сугат суу менен камсыздайт. Сапарбаев-1 каналынын узундугу 8,45 км, жалпысынан 2 333 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт. 

"Канал аркылуу Көк-Жар жана Төөлөс айыл аймактарындагы МИ, Абшыр-Таңы жана Төөлөс-Ноокат суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) жерлерине сугат суу жеткирилет. Ал эми Сапарбаев-2 каналынын жалпы узундугу: 20,4 км жана 2 075 гектар жерди сугат суу менен камсыздайт",-деп айтылат маалыматта.