Ош облусунда браконьерлер кармалып, 150 миң сомдон ашык айып салынды

Аймак Загрузка... 22 Декабрь 2025 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon NABU Кыргызстан уюму

Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат, Өзгөн жана Алай райондорунда мыйзамсыз аңчылык кылган жарандарга 156 миң сом айып салынды. Бул тууралуу NABU Кыргызстан уюмунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факттар ушул жылдын 18-22-декабрь күндөрү NABU Кыргызстан уюмунун «Барс-2» тобунун жана Жаратылыш министрлигине караштуу Оштогу башкармалыктарынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн пландан сырткаркы рейддин алкагында аныкталды. Анткени акыркы күндөрү жааган кардан кийин аңчылыкка чыккандардын саны көбөйгөнү байкалган.

Белгилей кетсек, рейддер Ноокат районунун Чили-Сай капчыгайынын Ак-Арт жайлоосунда, Өзгөндүн Беш-Абышка жана Алай районунун Кайыңды, Капчыгай участкаларында өткөрүлдү.

Аңчылык эрежелерин бузган жарандарга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 263-беренесинин негизинде айып пулдар салынды.

Рейддин алкагында, жергиликтүү тургундарга жана аңчыларга аң-уулоо эрежелерин сактоо, жапайы жаратылышты коргоо жана мыйзам талаптарын так аткаруунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.