Ош облусунда 511 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү уланууда

Шайлоо 30 Ноябрь 2025 09:52
1.jpg
3.jpg
2.jpg
4.jpg
590624822_122193067886368081_873957213727301541_n.jpg
590814364_122193068132368081_6694069038945593333_n.jpg
591025601_122193067850368081_8576199705698481618_n.jpg
591136398_122193068048368081_6225913511674470810_n.jpg
591454656_122193068096368081_5878811171735428211_n.jpg
591610944_122193068072368081_2946848234304038637_n.jpg
591661044_122193068060368081_4290694231470852264_n.jpg
591903225_122193067952368081_8514173943398140739_n.jpg
591915034_122193068018368081_3471873089587277278_n.jpg
592167907_122193067928368081_5524077150208936468_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Ош облусунун аймагында 511 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 8 округ жана 811 миң 906 шайлоочу бар.

Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу районундагы №5220 шайлоо тилкесинде атуулдук милдетин аткарып, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аралыктан добуш берди.

Өкүл облус тургундарын шайлоо жараянына активдүү катышууга жана өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырды. Ошондой эле бул жолу өлкөдө таза жана ачык шайлоо өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.