Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

Аймак 20 Март 2026 11:30
1.jpg
655862028_122204844410368081_7733819059219783443_n.jpg
654721373_122204844428368081_3303794551585561584_n.jpg
654817019_122204844116368081_6063310465623485351_n.jpg
655500843_122204844290368081_4252162543583483880_n.jpg
655964519_122204844044368081_547412722262985405_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Бүгүн Ош облусунун аймагындагы жалпы 425 мечитте Орозо айт намазы окулду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, облус башчысы Аманкан Кенжебаев айт намазды "Имам ат-Термизий" борбордук мечитинде окуп, облус тургундарын жана келген конокторду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

"Урматтуу Ош облусунун тургундары сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм! Эзелтеден бери Рамазан айы тынчтыктын, сабырдуулуктун, ынтымак - ырашкерликтин, кечиримдүүлүктүн айы болуп келген. Отуз күн бою кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан жергебизге тынчтыкты, элибизге ынтымакты жана өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү тартууласын. Ар бир үй-бүлөдө бакубат жашоо, береке жана жакшылыктар болсун. Орозо айт маарек болсун!", - деди облус жетекчиси

Белгилей кетсек, облустагы бардык мечиттерде айт намазы ийгиликтүү жана тынч өттү.