Ош облусунда 30дан ашык күрөөкананын иши токтотулду. Себеби

Аймак Загрузка... 21 Январь 2026 17:29
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon УКМК

Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында иш алып барган күрөөканалар текшериле баштады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Текшерүү иштери Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматы жана Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

Анын жүрүшүндө өлкө мыйзамдарында белгиленген пайыздык чендердин жогорулатылган учурлары аныкталып, алар боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан административдик айыптар салынды.

Мындан тышкары, 30дан ашуун күрөөкананын ишмердүүлүгү токтотулуп, тиешелүү текшерүү иштери дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет.

УКМК тарабынан учурда калкка мүмкүн эмес шарттарда акча каражатын берип, күрөө мүлкүн өз пайдасына которуп, ошону менен өзгөчө ири өлчөмдө киреше алып келген сүткорлук менен алектенген адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.