Ош облусунда 14:00гө карата добуш бергендер 18,1 пайызды түздү

Шайлоо Загрузка... 30 Ноябрь 2025 14:08
11.jpg
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 30.11.25. /Кабар/. Ош облусунда бардык шайлоо тилкелеринде добуш берүү өз нугунда жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Саат 14:00гө 147 миң 009 шайлоочу добуш берди. Бул жалпы шайлоочулардын 18,1 пайызын түзөт.

Облуста жалпы шайлоочулардын саны 811 миң 903 жаранды түзүп, 511 добуш берүү тилкеси ачылган.

Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан бардык тилкелерде электр энергиясы менен камсыздоо, интернет байланышы жана башка зарыл болгон бардык шарттар түзүлдү.

Облустун аймагындагы жалпы 1000ден ашуун милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыз кылууда.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүүдө. Өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат. Шайлоочулардын акыркы тизмесинде 4 млн 294 миң 243 жаран бар.