Ош облусу шайлоо өткөрүүгө толук даяр – өкүлчүлүк

Шайлоо 27 Ноябрь 2025 18:14
WhatsApp_Image_2025_xr6uzh9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
588635849_122192686478368081_3204149348780311631_n.jpg
588023430_122192686562368081_8441099030263864488_n.jpg
588850795_122192686688368081_2160806789256717452_n.jpg
589117321_122192686598368081_7261366772944163687_n.jpg
590145437_122192686646368081_4249399164753118992_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Ош облусу Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө толук даяр. Бул тууралуу облустагы шайлоо участкаларынын даярдыгын талкуулаган облустук штабдын отурумунда белгилүү болду.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйын президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Илияз Ташбаевдин төрагалыгы алдында өтүп, жыйынга өкүлдүн аппарат жетекчиси, район акимдери, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жана күч түзүмдөрүнүн башчылары катышты.

Жыйында тиешелүү жетекчилер даярдык иштери тууралуу маалымат беришти. Анын негизинде облус саясий өнөктүктү өткөрүүгө толук даяр экенин белгилүү болду.

Жыйындын соңунда Илияз Ташбаев айрым кемчиликтерди тез арада жоюуну тапшырып, шайлоо күнүн тынч жана уюшкандыкта өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

Белгилей кетсек, Ош облусунда жалпы 8 округ жана 510 шайлоо тилкеси бар.

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрга белгиленген.