Ош облусу Россиянын Иркутск облусу менен өнөктөштүктү кеңейтет

Коом Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 14:40
765997773_122220435716368081_5252936462166742377_n.jpg
766207355_122220435416368081_2821589783408143448_n.jpg
766287928_122220435632368081_6408444412876293873_n.jpg
766315801_122220435956368081_2015358367093560608_n.jpg
766797992_122220435914368081_4333260365128584002_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 06.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Ош облусу менен Россиянын Иркутск облусунун ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, документке президенттин Оштогу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана Иркутск облусунун губернатору Игорь Кобзев кол коюшту.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, өнөр жай, айыл чарба, кайра иштетүү, логистика, туризм, билим берүү, саламаттык сактоо жана кадрларды даярдоо тармактарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Кол коюлган макулдашуу эки аймактын ортосундагы ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрү белгиленди.