Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 13-августта президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Кытайдын Ош шаарындагы башкы консулу Ли Минчэ менен жолугушту.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай достук мамилелерин жана аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө багытталган пикир алмашышты.
Аманкан Кенжебаев башкы консулду кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун ишмердүүлүгүнүн кайра жанданышын жогору баалады.
Ош облусу Кытай Эл Республикасынын бир катар аймактары менен көп жылдан бери достук жана боордоштук мамилелерди өнүктүрүп келе жатканы белгиленип, бул байланыштарды мындан ары да активдүү улантууга кызыкдар экендиги айтылды. Ошондой эле эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, гуманитардык жана башка багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экени белгиленди.
Жолугушуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча өз ара тыгыз кызматташуунун маанилүүлүгү айтылды.
Иш-чаранын соңунда тараптар өз ара түшүнүшүүгө, ишенимге жана достук мамилелерге негизделген кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даяр экендигин билдиришти.