Ош облустук төрөт үйү жарым кылымдан бери алгач ирет реконструкцияланды

Аймак Загрузка... 02 Февраль 2026 15:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында төрөт стационарынын "Эне жана бала" бөлүмү, операциялык блок, чоңдор жана балдар үчүн жандандыруу бөлүмдөрү, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмү, борборлоштурулган стерилизация бөлүмү, клиникалык-диагностикалык лаборатория жана амбулатордук диагностикалык бөлүм толугу менен жаңыланды.

Ошондой эле 3 млн 855,7 миң сомго бааланган борборлоштурулган кислород берүүчү станция ишке киргизилди.

Төрөт стационары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, 87 млн 900 миң сомду түздү. Медициналык мекеме заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Ош облустук төрөт үйү 1968-жылдын 11-апрелинде 250 орунга ылайыкталып ачылган. Андан бери алгач ирет капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.