Ош облустук көркөм сүрөт музейине арналган китептин бет ачары өтөт

Маданият Загрузка... 28 Ноябрь 2025 14:55
IMG_3101.jpeg

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Тургунбай Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин 20 жылдыгына арналган китептин бет ачары декабрь айында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, бул китеп музейдин калыптаныш тарыхын, өнүгүү этаптарын камтыйт.

"Ош облустук көркөм сүрөт музейи — живопись, графика, скульптура жана колдонмо искусствонун ар түрдүү коллекциялары чогулган, Кыргызстандын түштүгүндөгү негизги маданий борборлордун бири. Музей улуттук көркөм мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча маанилүү иштерди жүргүзүп, заманбап сүрөтчүлөрдү колдоого жана Ош шаарындагы чыгармачыл чөйрөнүн өнүгүшүнө активдүү көмөк көрсөтүп келет. Бул багытта көргөзмөлөр, арт-резиденциялар, билим берүү программалары үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат", - деп жазылат маалыматта.

Китептин бет ачары музейдин маданий тарыхындагы маанилүү окуялардын бири болуп, жергиликтүү коомчулуктун жана искусство сүйүүчүлөрүнүн көңүл борборунда болору күтүлүп жатканы кошумчаланды.