Ош облустук клиникалык ооруканасы 258 млн сомго оңдолууда

Аймак 7 октябрь 2025 15:10
osbol6-16068e382cc1589f8.73549793 (1).jpg
osbol1-70468e382cc165e23.83647274.jpg
osbol3-79868e382cc162bc8.69475836.jpg
osbol2-62268e382cc1601a1.43061646.jpg
osbol4-68468e382cc15c244.06698131.jpg
osbol6-16068e382cc1589f8.73549793.jpg
Алдыга
Артка
osbol6-16068e382cc1589f8.73549793 (1).jpg
osbol1-70468e382cc165e23.83647274.jpg
osbol3-79868e382cc162bc8.69475836.jpg
osbol2-62268e382cc1601a1.43061646.jpg
osbol4-68468e382cc15c244.06698131.jpg
osbol6-16068e382cc1589f8.73549793.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 07.10.25. /Кабар/. Ош облустук клиникалык ооруканасы учурда толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, оорукана заманбап талаптарга жооп берген үлгүдө жасалып, жылытуу системасы жана инженердик тармактар толугу менен алмаштырылып, фасады жаңыланды.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, оңдоо иштери 2024-жылы башталган. Тендердик баасы 258 млн сомду түзөт. 

Белгилей кетсек, оорукана 1976-жылы курулуп пайдаланууга берилген жана андан бери биринчи жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.