Бишкекте алгачкы жолу: Ош облустук филармониясы "Чолпонум" мюзиклин тартуулайт

Маданият 9 июнь 2026 09:35
Бишкекте алгачкы жолу: Ош облустук филармониясы "Чолпонум" мюзиклин тартуулайт

Бишкек, 09.06.26 /Кабар/. Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы борбор калаанын көрүүчүлөрүнө алгачкы жолу "Чолпонум" мюзиклин тартуулайт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, мюзикл 16-17-июнь күндөрү саат 19:00дө А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында көрсөтүлөт.

Чыгарма Эл артисти Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесин белгилөөнүн алкагында уюштурулуп, анын чыгармачылык мурасын даңазалоого арналат.