Ош облустар аралык ооруканасында МРТ борбору ачылды

Ден соолук 15 Июль 2025 09:00
517972157_122212230698129538_6809738859673880338_n.jpg
518088160_122212231238129538_3781448556663294002_n.jpg
518104107_122212231034129538_831471092019524621_n.jpg
518104160_122212231520129538_1227974835643865190_n.jpg
518252197_122212231130129538_7290503462112416165_n.jpg
518344736_122212231370129538_8132432133586196292_n.jpg
518346006_122212230956129538_7462607691772728769_n.jpg
519069224_122212231484129538_6510265887460005011_n.jpg
519418448_122212231082129538_2600351628312136577_n.jpg
520433523_122212231172129538_6933916973934118446_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы

Бишкек, 15.07.25. /Кабар/. Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында магниттик-резонанстык томография (МРТ) борбору ачылды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор "Шаньшуй Силк Роуд КейДжи" ЖЧКсы тарабынан КР президентине караштуу инвестициялар боюнча Улуттук агенттигинин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын ортосундагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимдин алкагында ишке ашырылды.

Долбоордун негизинде Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында заманбап медициналык дарт аныктоо борборун уюштуруу каралган. Долбоорду ишке ашыруу былтыр декабрь айынан башталып, имаратты капиталдык оңдоо, бөлмөлөрдү даярдоо, инженердик инфраструктураны камсыздоо жана ошол эле учурда жогорку технологиялуу медициналык жабдууларды орнотуу иштери аткарылды.

Бүгүнкү күндө МРТ борбору толук ишке киргизилип, так жана жогорку сапаттагы дарт аныктоону жүргүзүүгө даяр. Ошентип, борборго United Imaging Healthcare компаниясы (Кытай Эл Республикасы) тарабынан чыгарылган uMR 580 модели орнотулду. Бул жогорку чыңалуусу 1.5 Тесла болгон МРТ аппараты болуп саналат. Компания тарабынан долбоорго салынган жалпы инвестиция 1 млн доллардан ашты.