Бишкек, 16.07.26. /Кабар/. Ош – Ноокат жолундагы кемчиликтерди жоюуга 3 күндүк мөөнөт берилди. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда аталган унаа жолдун сапатына байланыштуу жарыяланган видеоматериалдын негизинде адистертарабынан көчмө лаборатория менен жеринде текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош – Ноокат унаа жолунун Ош шаары аркылуу өткөн Мамыров көчөсүндөгү 3-4-чакырымында (Ош багыты боюнча) бир катар кемчиликтер аныкталды. Асфальт-бетон жабындысынын сапаты текшерилип, лабораториялык сыноо үчүн керн үлгүлөрү алынган.
"Жыйынтыгында башкы подрядчы "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №21 Жол тейлөө башкармалыгына карата акт түзүлүп, талаптарга жооп бербеген жол тилкесин кайра жасоо боюнча көрсөтмө берилди. Кемчиликтерди жоюу үчүн подрядчыга 3 күндүк мөөнөт белгиленди", - деп айтылат маалыматта.