Ош мэриясынын имаратынын чатырына күн панелдери орнотулат

Аймак Загрузка... 03 Декабрь 2025 13:04
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратты оңдоп-түзөө иштери улантылууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда имараттын чатырын жабуу иштери кызуу жүрүүдө.

Имараттын чатырына күн панелдери менен орнотулуп, энергияны үнөмдөө жана имараттын энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.