Ош мэриясынын имараты толук капиталдык оңдоодон өтүүдө

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 15:24
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясынын имараты толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында имараттын ички жана тышкы бөлүктөрү жаңыланып, инженердик коммуникациялар толугу менен алмаштырылууда. Ошондой эле кызматкерлер үчүн заманбап, ыңгайлуу шарттарды түзүү, жарандарды кабыл алуу бөлмөлөрүн талапка ылайык жабдуу каралууда.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери шаардык инфраструктураны жакшыртууга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга жана муниципалдык башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга багытталган.