Эски үйлөр бузулат. Оштун Жаңы-Маала айылын реновациялоо пландалууда

Аймак Загрузка... 04 Декабрь 2025 10:42
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Бул тууралуу күн мурун мэр Жеңишбек Токторбаев аталган айылдын жашоочулары менен жолугушууда билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына караганда, бул айыл 2024-жылы административдик-территориялык реформанын алкагында Ош шаарынын аймагына кошулган.

Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга реновациялоо долбоору тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак-жайларды бузуп алып салып, ордуна жаңы көп кабаттуу жана жер үйлөр, мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, мечит жана сквер курулат.

Мэр өз сөзүндө биринчи кезекте 12 жылдык мектептин курулушу башталаарын, орду даяр экенин белгилеп өттү.

Эскерте кетсек, бул айылда 4 миңге жакын жаран жашайт. Конушта 4 жылдык мектеп менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан башка социалдык обьект жок. Көпчүлүгү эскилиги жеткен үйлөрдө, инфраструктуралык оор шартта күн кечирип келишет.