Ош мэринин эл менен жолугушуусу Жибек Жолу аймагында уланды

Аймак 13 Май 2026 19:42
1.jpg
2.jpg
696984731_1319587723693455_7538412047186856927_n.jpg
697207842_1319587067026854_2004672534066863915_n.jpg
697242921_1319588880360006_3504740808557838664_n.jpg
697245897_1319591963693031_281987256445981593_n.jpg
697259098_1319584713693756_8565634279122101743_n.jpg
697347045_1319584463693781_5780727340521229550_n.jpg
697777780_1319588917026669_1707360342185612095_n.jpg
697792485_1319589690359925_631480096318327115_n.jpg
697792533_1319585970360297_6405904137147485912_n.jpg
697792534_1319589050359989_4878054886883937216_n.jpg
697792547_1319587743693453_8637640650887151599_n.jpg
697792559_1319585923693635_3601282451288394145_n.jpg
697792917_1319585107027050_7601186054137705755_n.jpg
697792967_1319585173693710_7162300589553416001_n.jpg
697792987_1319586953693532_7761221396712244185_n.jpg
697822687_1319585120360382_2101982137959156214_n.jpg
700103842_1319585927026968_160548686320361309_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин эл менен жолугушуусу күндүн экинчи жарымында Жибек Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында аймактын тургундары жол, электр мамычаларын жаңылоо, маршруттук каттамдарды көбөйтүү, билим берүү тармагындагы көйгөйлөрүн айтышты. Ошондой эле жеке маселеси менен келген жашоочулар да болду.

Мындан тышкары үйү сүрдүрүлгөн жарандар кенемте маселесин көтөрүштү. Мэр Жанарбек Акаев үйү толук бузулган жаранга шаар бийлиги үй берээрин убадалады.

Жанарбек Акаев билии берүү тармагындагы көйгөйлөргө да жооп берип, ата-энелерди балдардын келечегине кайдыгер болбоого чакырды.

"Балдарыңыздарды көбүрөк окутуңуздар. Алар тил үйрөнүп, дүйнө кыдырсын. Биз аң-сезимибизди да өстүрүүбүз абзел. Ошондуктан мындан ары ушул аймактагы окуучулардын ЖРТдагы, олимпиадалардагы жыйынтыктарын өзгөчө карайбыз", - деди мэр.

Калаа башчысынын калк менен жолугушуусу эртең да башка аймактарда уланат.

Белгилей кетсек, президенттин тапшырмасы менен өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл менен жолушуп, көйгөйлөрүндү жеринде чечишүүдө.