Ош мэри "Жетиген" мектебиндеги тамак-аштын сапатын сынга алды

Аймак 29 Январь 2026 08:45
623706813_1234583122193916_1173785371514116415_n.jpg
623250882_1234583398860555_5385245871138332025_n.jpg
622706553_1234583498860545_2678679061758956775_n.jpg
622739778_1234583268860568_6868538045492584068_n.jpg
623392379_1234583458860549_4909848469893622121_n.jpg
623776065_1234582815527280_1993537668198267091_n.jpg
624179173_1234583325527229_2263050544805027035_n.jpg
624211151_1234583295527232_5542721477802639413_n.jpg
624231751_1234583042193924_5668112409120111296_n.jpg
624353217_1234582988860596_8843149296871044624_n.jpg
624382565_1234582808860614_1682247678286394995_n.jpg
624478235_1234582948860600_3227374545507123905_n.jpg
624575476_1234583035527258_1367693693269231157_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 29.01.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте “Жетиген” жалпы билим берүү мектебине барып, окуу жайда түзүлгөн шарттар менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө калаа башчысы мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатына нааразычылыгын билдирип, жооптуу тараптарга кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле мэр аталган билим берүү мекемесинин аймагында жайгашкан коммерциялык объекттин курулушунун мыйзамдуулугун текшерүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма жүктөдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаарынын мэри билим берүү мекемелерине тиешелүү жерлерди коргоо, ошондой эле мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө боюнча көзөмөл күчөтүлөрүн билдирген.