Ош мэри үч эмге батирдин ачкычын тапшырды

Аймак 10 сентябрь 2025 16:21
Ош мэри үч эмге батирдин ачкычын тапшырды

Бишкек, 10.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев үч эмге 2 бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Айзирек, Айтунук жана Айназик Муратовалар 3-класста окушат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин кыздардын таенеси мэрге жолугуп, жагдайын түшүндүргөн.

Жеңишбек Токторбаев кыздарга кең келечек каалап, тез күндө жаңы батирине жайгаштыруу тапшырмасын берди.