Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова үч эм төрөгөн Мавлюда Бердигуловадан кабар алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Анда Айдарбекова калаа башчысы Жанарбек Акаевдин атынан куттуктоо айтып, үй-бүлөгө 50 миң сом жана наристелерге керектүү белектерди тапшырды.
Эскерте кетсек, наристелер 2026-жылдын 20-февралында Ош облустук төрөт стационарында жарык дүйнөгө келген. Учурда эненин жана үч эмдин абалы жакшы. Мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү камкордукка алынган.