Бишкек, 05.05.25. /Кабар/. Ош менен Жалал-Абадда жол коопсуздугу боюнча жолугушуулар өттү. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, анда өлкө башчысынын 1-сентябрдан тартып күчүнө кире турган жол коопсуздугу боюнча тапшырмаларын коомчулукка жеткирүүгө багытталган жыйындар уюштурулду.
Башкы башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробековдун түштүк аймактарга болгон иш сапарынын алкагында өткөрүлгөн жыйындарга Ош шаары, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жол коопсуздугунун ардагерлери, дин аалымдары, жарандык коомдун активисттери жана жалпы өздүк курам катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө өздүк курамга күнүмдүк жол-транспорт кырсыктарына талдоо жүргүзүү, анын негизинде кызматкерлердин иш тартибин пландаштыруу, жол эрежелерин сактоодо жана жарандар менен болгон мамилелерде тартипти, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, жарандарды жол эрежелерин сактоого үндөө, жол кыймылынын катышуучуларына маданияттуулукту калыптандыруу жана кандай гана кырдаал болбосун ыкчам, сапаттуу юридикалык жана практикалык жардам көрсөтүү тапшырмалары берилди.
Ошондой эле өздүк курамга кызматтык милдеттерин заман талабына ылайык, санариптештирүү аркылуу аткаруу, кызматтык унааларды жана төш видео байкоолорду колдонууда жоопкерчиликти күчөтүү боюнча да көрсөтмөлөр берилди.
Ардагерлерге болсо, эл арасында жүргүзүлүп жаткан үгүт-насаат иштерин коомчулукка туура жеткирүү, жаш кызматкерлерге тажрыйбасы менен бөлүшүп, таалим-тарбия берүүчү насаатчылыкты күчөтүү зарылдыгы белгиленди. Аалымдарга жана активисттерге жол эрежелеринин маанилүүлүгүн жума баяндарында жана эл менен жолугушууларда айдоочуларга кенен жеткирүүгө көмөктөшүү өтүнүчү айтылды.
Жыйындын соңунда Жеңишбек Жоробеков президенттин жол коопсуздугу багытында койгон тапшырмасы жол эрежелерин сактоодо чоң ишеним жана колдоо экендигин белгилеп, бул багытта бардык мамлекеттик кызматтарды тыгыз кызматташууга жана биргеликте иш алып барууга чакырды.