Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Кең-Сай массивинде электр энергиясын тартуу иштеринин алгачкы этабы башталды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, бул багытта 6300 кВт кубаттуулуктагы жаңы трансформатор алып келинип, орнотулду.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев иштин жүрүшүн жеринен көрүп чыкты.
Мындан 10 жыл мурун курулуп баштаган электр подстанциясы бүтпөй, ара жолдо каралбай калган. Мэрдин демилгеси менен маселе кайрадан көтөрүлүп, иш жанданды.
Өткөн аптада конушту сугат суу менен камсыз кылуучу станция ишке берилсе, ушул жылдын аягына чейин жергиликтүүлөр жеткиликтүү электр энергиясы менен камсыз болушат.