Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат

Аймак 14 Июль 2025 13:32
518141680_122176910420368081_5705231331202375128_n.jpg
518337111_122176910492368081_8884329517834271726_n.jpg
518302000_122176910552368081_3684108445451028157_n.jpg
518328706_122176910540368081_5403471550748753696_n.jpg
518342207_122176910474368081_5859233472501238308_n.jpg
515771232_122176910438368081_1332690716127575882_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев жумушчу сапары менен Кара-Суу районуна барып, Ош – Кара-Суу унаа жолунун оңдоп-түзөө иштерине карата даярдыктарды жеринде көрдү.

Иш сапардын алкагында жаңы жолдун болжолдуу долбоору талкууланып, кошумча сунуш-пикирлер айтылды.

Белгилеп кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында өткөн жыйында аталган унаа жолунун курулушу жакын арада башталарын маалымдаган.

Ушул билдирүүгө ылайык, облус жетекчиси Элчибек Жантаев тиешелүү жетекчилерге долбоорду кыска мөөнөттө бүтүрүү жана ишке ашырууга байланыштуу конкреттүү тапшырмаларды берди.

Алдын ала долбоорго ылайык, Ош – Кара-Суу жолу эки багытта эки тилкелүү болуп курулат. Жолдун эки тарабында велосипед жолдору жана жөө адамдар үчүн тратуарлар салынат. Ошондой эле заманбап жарыктандыруу системасы орнотулуп, жолдун ортосу көрктүү гүлзарлар менен кооздолот.

Бул долбоор шаардык жана райондор аралык транспорттук кыймылды жакшыртып, жарандардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.