Ош – Кара-Суу унаа жолунун 15 чакырымы реконструкцияланат

Коом Загрузка... 26 Июнь 2025 13:23
512660609_1034085068900239_1109950279151897136_n.jpg
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Ош – Кара-Суу унаа жолун оңдоо иштери бир жумадан кийин башталат. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Суу районуна болгон жумушчу сапары учурунда билдирди.

Анын айтымында, бул маселе боюнча тиешелүү тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бардык маселеси чечилди.

"Нариман айланмасынан баштап Кара-Суу шаарына чейинки 15 чакырым аралыкта жол төрт тилкелүү болуп, эки капталына тратуарлар, велосипед жолу жана жарыктандыруу менен заманбап үлгүдө жол курулат", - Жантаев.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик жана тиешелүү тармактык кызматтарга жол курулуш иштери башталганга чейин даярдык иштерин камсыздоо боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртуу максатында өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражат негизинде облустагы стратегиялык мааниге ээ болгон Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолу, Ош – Баткен – Раззаков багытындагы Ноокат – Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгү оңдолууда. Эми Ош – Кара-Суу унаа жолу оңдолуп баштайт.