Бишкек, 23.03.26. /Кабар/. Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 1-кабатында жайгашкан кафеден өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кафенин 20 чарчы метр мору жана көп кабаттуу үйдүн 6 чарчы метр чатыры күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, дем алыш күндөрү өлкө аймагында жалпы 30 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 35 бөлүм тартылган.