Ош эл аралык аэропортунда мыйзамсыз акча алмаштыргандар аныкталды

Аймак 17 Ноябрь 2025 11:40
583321742_1435501001908474_4226952106279782292_n.jpg
583944201_1435501081908466_6772291951221383494_n.jpg
583703421_1435501085241799_6562899669214949829_n.jpg
584156303_1435501005241807_1251580490865864648_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Ош эл аралык аэропортунда мыйзамсыз акча алмаштырган жарандар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБдин Аба транспорт бөлүмүнүн кызматкерлерине Ош эл аралык аэропортунун аймагында тийиштүү уруксат берүүчү лицензиясы жок, мыйзамсыз акча алмаштырып жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат каттого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында тийиштүү укук берүүчү лицензиясы жок акча алмаштырып жүргөн 1994-жылы туулган К.уулу А. жана 1979-жылы туулган Т.М. аттуу жарандар аныкталды.

Чогултулган материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 299-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Улуттук банк тарабынан 17 500 сом айып пул салынды.