Ош драма театрында премьералар жумалыгы өтөт

Маданият 11 февраль 2026 14:34
Ош драма театрында премьералар жумалыгы өтөт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 15-19-февраль күндөрү премьералар жумалыгы өтөт. Бул тууралуу театрдан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө беш жаңы спектаклдин бет ачары тартууланат.

Бул жумалыкта театр күйөрмандары дүйнөлүк жана улуттук драматургиянын мыкты беш премьерасына, заманбап режиссердук чечимдерге жана актердук чебер оюндарга күбө болушат.

15.02.26

“Курманжан”

16.02.26

“Бир келип кетчи Ош жакка”

17.02.26

“Соно” драма

18.02.26

“Кош дегим келбейт”

19.02.26

“Таштабачы, апаке”

Билет баасы:300 сом

Байланыш телефону: +996 777 115 205