Ош драма театры сезонун “Күнөө” спектаклинин премьерасы менен жыйынтыктайт

Маданият 29 июнь 2026 17:40
Ош драма театры сезонун “Күнөө” спектаклинин премьерасы менен жыйынтыктайт

Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында “Күнөө” спектаклинин премьерасы болот. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, театр өзүнүн 54-театралдык сезонун казак адабиятынын классиги Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Күнөө” спектакли менен жыйынтыктайт.

Премьера 30-июнда саат 14:00дө жана 18:30да көрүүчүлөргө сунушталат.