Ош: Быйыл Жапалакта бир катар соцобъекттер пайдаланууга берилет

Аймак 14 Май 2026 18:05
1.jpg
697262940_1320399043612323_5377650703128084601_n.jpg
697792420_1320398633612364_203084459544468718_n.jpg
697792551_1320398563612371_8827748568514976818_n.jpg
697792734_1320398700279024_26678070234442164_n.jpg
697792734_1320398813612346_2111168616272556148_n.jpg
697792761_1320398526945708_1578920273723350000_n.jpg
697792829_1320399073612320_5182304935141786871_n.jpg
697792841_1320398460279048_5591337046930422735_n.jpg
697792843_1320398376945723_3954783343020046655_n.jpg
697792929_1320398830279011_6403045203830846682_n.jpg
697792934_1320398350279059_2220772017265456102_n.jpg
697793056_1320398980278996_8227969167874150386_n.jpg
697944828_1320398266945734_7454317667916710801_n.jpg
698818760_1320398953612332_4707272980644914278_n.jpg
700119503_1320398973612330_8281192333872778988_n.jpg
700119511_1320399066945654_6422559629352865617_n.jpg
700278392_1320398673612360_6055114584864685998_n.jpg
700928546_1320398943612333_9066077175620789384_n.jpg
701158657_1320398870279007_3173568454291839171_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күндүн экинчи жарымында Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын тургундары менен жолукту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар көйгөйлөр жана сунуштар айтылды. Атап айтканда, Мээркан айылындагы ички жолдорду асфальттоо, Көкүм-Бий көчөсүнүн кызыл сызыгын тактоо, Жапалак аймагынын жашыл аймактарын сактоо жана башкы планга байланышкан маселелер көтөрүлдү.

Мындан тышкары, жарандар таза суу, электр энергиясы, канализация тармактары боюнча көйгөйлөрдү айтып, көпчүлүгү жеке көйгөйлөр менен кайрылышты.

Мэр көтөрүлгөн ар бир маселе тиешелүү кызматтар менен биргеликте этап-этабы менен чечилерин белгиледи. Ошондой эле ал учурда Жапалак аймагында үч мектептин, бир бала бакчанын жана үч кичи футбол аянтчасынын курулушу жүрүп жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, жыл аягына чейин аймактагы бир катар айылдарда таза суу маселесин чечүү боюнча иштер бүткөрүлөрү айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө шаар башчысы калктын жашоо шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин санын көбөйтүү багытындагы иштер мындан ары да уланарын белгиледи.