«Ош» бажысы тыюу салынган балык уулоочу торлорду ташып кирүүгө бөгөт койду

Укук тартиби 3 октябрь 2025 17:00
557707603_1250371653801998_510479261894765605_n.jpg
557641247_1250371687135328_6878013622689234748_n.jpg
557587812_1250371760468654_8511502739157716754_n.jpg
557398963_1250371743801989_3036389090753075109_n.jpg
559443539_1250371657135331_5014634567292515372_n.jpg
Алдыга
Артка
557707603_1250371653801998_510479261894765605_n.jpg
557641247_1250371687135328_6878013622689234748_n.jpg
557587812_1250371760468654_8511502739157716754_n.jpg
557398963_1250371743801989_3036389090753075109_n.jpg
559443539_1250371657135331_5014634567292515372_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. «Ош» бажысы тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин аймагына синтетикалык балык уулоочу торлорду ташып келүү аракетине бөгөт коюлду.

Бажы кызматынан билдиришкендей, Кытайдан Эркечтам өткөрүү пункту аркылуу ЕАЭБ аймагына транзиттик жүк катары унаа тетиктер деп көрсөтүлгөн унаа кирген. Текшерүү учурунда жүктүн ичинен жалпы салмагы 746,39 кг болгон балык уулоочу торлор табылган. Товарлар “Каратай” убактылуу сактоо кампасына убактылуу киргизилген.

Факт каттоого алынып, материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгынын түштүк аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Текшерүүнүн жыйынтыгында товарлар "жок кылуу" жол-жобосу менен таризделип, 2025-жылдын 30-сентябрында Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан жок кылынды.

Мамлекеттик бажы кызматы президенттин 2022-жылдын 26-апрелиндеги № 131 жарлыгына жана министрлер кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы №624 токтомуна ылайык, синтетикалык балык уулоочу торлорду Кыргыз Республикасынын аймагына ташып кирүүгө тыюу салынганын эскертет жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын колдонуудагы бажы мыйзамдарын так сактоого чакырат.