Ош базарында баасы 660 сомдон ашпаган эт сатуу пункту ачылды

Коом 21 Ноябрь 2025 10:40
1763641773.jpeg
1763641763.jpeg
1763641751.jpeg
1763641741.jpeg
1763641692.jpeg
1763641683.jpeg
1763641677.jpeg
1763641618.jpeg
1763641608.jpeg
1763641599.jpeg
1763641585.jpeg
1763641576.jpeg
Алдыга
Артка
1763641773.jpeg
1763641763.jpeg
1763641751.jpeg
1763641741.jpeg
1763641692.jpeg
1763641683.jpeg
1763641677.jpeg
1763641618.jpeg
1763641608.jpeg
1763641599.jpeg
1763641585.jpeg
1763641576.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. Бишкек мэриясы Ош базарында кошумча арзандатылган эт сатуу пунктун ачты. Анда эттин баасы килограммына 660 сомдон ашырылбайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, күн мурун Бишкек мэриясы жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы борбордогу Аламүдүн жана Ош базарларына рейддерди өткөрүшкөн.

Рейддин жүрүшүндө эттин баасына коюлган чектөөлөрдү так сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, бааны негизсиз көтөргөндөргө мыйзам чегинде чара колдонулары эскертилген.

"Бул иш-чаралар Экономика жана коммерция министрлигинин жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча бөлүмүнүн “Эттин баасына убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” буйругунун негизинде аткарылууда",- деп белгиленет маалыматта.