Ош – Баткен унаа жолунун боюндагы 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду

Аймак 21 август 2025 11:50
535807019_122184425642341273_9113865078334022581_n (1).jpg
515437332_122184425630341273_5536003862085646912_n.jpg
537232314_122184425672341273_6524288672183281506_n.jpg
Алдыга
Артка
535807019_122184425642341273_9113865078334022581_n (1).jpg
515437332_122184425630341273_5536003862085646912_n.jpg
537232314_122184425672341273_6524288672183281506_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Ош - Баткен жолунун боюндагы 26 мыйзамсыз курулуш буздурулду. Бул тууралуу Cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы минисрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Баткен облусундагы аймактык башкармалыгы тарабынан Кадамжай районуна караштуу Арпасай, Айрыбаз айылдарындагы Ош - Баткен унаа жолунун коргоочу тилкесине мыйзамсыз курулган 26 обьектинин ээлерине буга чейин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертмелер берилген.

Бирок, эскертүүдөгү талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбагандыгына байланыштуу мыйзамды сактабаган жарандардын курулуштары атайын техниканын жардамы менен буздурулуп, баштапкы калыбына келтирилди.