Ош – Баткен – Раззаков жолунда асфальт басуу иштери аяктады

Коом 3 сентябрь 2025 15:00
541782518_1087847356857343_1420742855700553655_n.jpg
542743955_1087847283524017_4455653408961164396_n.jpg
542095482_1087847276857351_5424826012541103857_n.jpg
540772672_1087847413524004_9124677926844941537_n.jpg
540970781_1087847363524009_3135291390429848484_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 03.09.25. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков автожолунун 47-75-чакырымында (28 км) асфальт басуу иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тилкелүү жолдун курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын март айында башталып, бүгүнкү күндө унааларга каттам берилди.

Жеринде бардык иштер долбоордук талаптарга ылайык жүргүзүлүп, азыркы тапта тротуар, жол чырактары, жол белгилери жана жол чийиндери сыяктуу кошумча иштер аткарылууда.

Эске салсак, 2024-жылы Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 34+400-40+400-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө иштери аяктаган. Асфальт төшөө иштери менен катар 3 көпүрөнүн курулуш иштери жыйынтыкталып колдонууга берилген.