Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун сел каптаган тилкелери тазаланып ачылды

Аймак Загрузка... 17 Июль 2025 10:15
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 17.07.25. /Кабар/. Ош – Баткен – Раззаков унаа жолунун сел каптаган тилкелери толугу менен тазаланып, калыбына келтирилди.

Транспорт министрлигинен билдиришкендей, тазалоо иштерин №2 жол тейлөө ишканасы жүргүздү.

Эскерте кетсек, күн мурун, 16-июлда болжол менен кечки саат 18:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Ош – Баткен – Раззаков (эски багыттагы) автожолунун 209-чакырымында сел жүрүп, жол жабылып калган.

Окуя болгон жерге №2 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар ыкчам жөнөтүлүп, сел токтогондон кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү.