Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Бүгүн Кара-Суу районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, адам өмүрүн алган кырсык катталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, Ош – Алай унаа жолунун 58-чакырымында жеңил унаа сел суусуна агып кеткен. Окуя тууралуу маалымат түшкөндөн кийин жерине куткаруучулар тартылып, издөө-куткаруу иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада унаада болгон жарандардын ичинен 6 адамдын сөөгү табылып, 2 адам ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемеге жеткирилген.
Мындан тышкары, сел жүргөн аймактарды кошумча кароо учурунда дагы адамдын сөөгү табылган.
“Учурда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Каза болгон жарандардын сөөгүнө тиешелүү экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өздүгү тактала элек жабырлануучунун ким экендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан иштер улантылууда”, – деп айтылат маалыматта.